Редакцияот 05.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

 

 

2023-жылдын 5-декабры №73 

 

                                                                   

Сарай курууга уруксат берүү жөнүндө

 

         Кара-Суу айылынын тургуну Исакжан уулу Султандын сарай салуу жөнүндөгү жазган арызын карап жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 41-сессиясы токтом кылат: 

 

1.               Кара-Суу айыл аймагына караштуу Түз-Ашуу жайлоосундагы №4-чөйрө сызыгында жайгашкан кыркын сарайдын күн чыгыш тарабынан сарай салууга 1000,0 чарчы метр жер участогу убактылуу бөлүнүп берилсин.

 

2. Жер участогун бөлүп берүү жана курулуучу сарайдын ордун чектеп берүү керектүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Талас райондук филиалына милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.

         

 

Төрага     

 

Р.Биримкулов