Редакцияот 26.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси

2023-жылдын 26-декабры № 807-т

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Египет Араб Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык/атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У.Жапаров

 

 

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Египет Араб Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык/атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Египет Араб Республикасынын Өкмөтү (мындан ары "Тараптар" деп аталып),

өз ара достук мамилелерди андан ары өнүктүрүү каалоосун эске алып,

жарактуу дипломаттык жана кызматтык/атайын паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды колдонбостон, эки Тараптын кызмат адамдарынын визит. алмашууларын илгерилетүүгө, жеңилдетүүгө жана колдоого умтулуу менен,

төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

1-берене.

1. Жарактуу дипломаттык жана кызматтык/атайын паспорттордун ээлери болуп саналган биринчи Тараптын мамлекетинин жарандары алар кабыл алуучу мамлекетте акы төлөнүүчү иш жүргүзбөгөн, ал эми алардын дипломаттык жана кызматтык/атайын паспорттору алардын кабыл алуучу мамлекеттин аймагынан чыгып кетүүсү болжолдонгон датадан кийин 3 (үч) айдан кем эмес убакыттын ичинде жарактуу болгон шартта, алар кирген датадан тартып каалаган 180 (жүз сексен) күндө 90 (токсон) күндөн ашпаган мезгилге экинчи Тараптын мамлекетинин (мындан ары "кабыл алуучу мамлекет" деп аталуучу) аймагына кирүү, анда болуу, чыгуу жана ал аркылуу транзит менен өтүү үчүн визалык талаптардан бошотулат.

2. Дипломаттык жана кызматтык/атайын паспорттордун ээлери болуп саналган жана экинчи Тараптын аймагында жайгашкан дипломатиялык миссиялардын же консулдук мекемелердин мүчөлөрү же эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катары дайындалган биринчи Тараптын мамлекетинин жарандары, анын ичинде алардын үй-бүлө мүчөлөрү аккредитациялоо үчүн кабыл алуучу мамлекеттин аймагына кирүүгө чейин тийиштүү виза алууга тийиш.

2-берене.

1. Ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар кабыл алуучу мамлекеттин чек арасындагы эл аралык жүргүнчүлөр каттамы үчүн багытталган чек ара өткөрүү пункттары аркылуу гана жана кабыл алуучу мамлекеттин аймагында колдонулуучу бардык укуктук талаптарды сактаган шартта гана кабыл алуучу мамлекеттин аймагына кирүүгө. жана аймагынан чыгууга тийиш.

2. Тараптар алардын чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүн жана болуусун жөнгө салуучу мыйзамдарындагы кандай гана болбосун өзгөрүүлөр жөнүндө бири бирине дароо маалымдайт.

3-берене.

Ар бир Тарап ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн, ылайыксыз же улуттук коопсуздукка, коомдук тартипке же коомдук саламаттык сактоого коркунуч келтирет деп эсептеген адамдарды өзүнүн мамлекетинин аймагына киргизүүдөн баш тартуу, болуусун кыскартуу же токтотуу укугун өзүнө калтырат.

4-берене.

Ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар алардын кабыл алуучу мамлекеттин аймагында болгон бүткүл мөөнөтүнүн ичинде кабыл алуучу мамлекеттин аймагында колдонулуучу мыйзамдарды жана башка укуктук актыларды сыйлоого жана сактоого тийиш.

5-берене.

1. Ар бир Тарап улуттук коопсуздук кызыкчылыгында, коомдук тартипти кармоо же коомдук саламаттыкты сактоо үчүн ушул Макулдашуунун колдонулушун убактылуу, толугу менен же жарым-жартылай токтотуп туруу укугун өзүнө калтырат.

2. Экинчи Тарап ушул Макулдашуунун колдонулушун убактылуу токтотуп туруу же токтотуп турууну токтотуу чечими тууралуу дипломатиялык каналдар аркылуу алдын ала жазуу жүзүндө кабарланат. Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жана токтотуп турууну токтотуу экинчи Тарап кабарлоону алган датадан тартып 30 (отуз) күндөн кечиктирбестен күчүнө кирет.

3. Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн, кабыл алуучу мамлекеттин аймагында буга чейин болгон жарандардын укуктарына таасирин тийгизбейт.

6-берене.

1. Тараптар ушул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин 30 (отуз) күндөн кечиктирбестен дипломатиялык каналдар аркылуу дипломаттык жана кызматтык/атайын паспорттордун үлгүлөрүн алмашат.

2. Жаңы дипломаттык жана кызматтык/атайын паспорттор киргизилген же колдонуудагылар өзгөртүлгөн учурда Тараптар жаңы паспорттор же тиешелүү өзгөртүүлөр күчүнө кирүүчү датага чейин 30 (отуз) күндөн кечиктирбестен бул паспорттордун үлгүлөрүн дипломатиялык каналдар аркылуу бири бирине берет.

3. Эгерде ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар өздөрүнүн дипломаттык же кызматтык/атайын паспортторун кабыл алуучу мамлекеттин аймагында жоготуп же бузуп алса, алар өз мамлекетинин дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси аркылуу жүргөн мамлекеттин компетенттүү органдарына маалымдайт. Тиешелүү дипломатиялык миссия же консулдук мекеме жогоруда аталган адамдарга өзүнүн мамлекетинин мыйзамдарына ылайык жаңы паспорт же өз мамлекетине кайтуу үчүн жол жүрүү документин берет.

7-берене.

Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө байланыштуу пайда болгон кандай болбосун пикир келишпестиктер же талаш-тартыштар дипломатиялык каналдар аркылуу Тараптардын ортосунда консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу чечилет.

8-берене.

1. Ушул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон тиешелүү мамлекеттик ички жол-жоболорду аяктаганын ырастаган акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоо дипломатиялык каналдар аркылуу алынган датадан тартып 30 (отуз) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.

3. Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлдү жана Тараптардын биринен ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоо дипломатиялык каналдар аркылуу алынган учурдан тартып 3 (үч) айдын ичинде күчүндө калат.

 

202___-жылдын "____" ____________ шаарында, эки түп нускада, кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн

 

Египет Араб Республикасынын Өкмөтү үчүн