Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-июлу № 370
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 259 "Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Транспорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын ишин өркүндөтүү, кыргыз автоташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттардын жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын бөлүштүрүүдө коррупциялык элементтерди алдын алуу, ачык-айкындуулукту, контролду камсыз кылуу жана ишкерлердин укуктарын коргоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 259 "Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибинде:
- 16-пункттун жетинчи абзацынын экинчи сүйлөмү алып салынсын;
- мамлекеттик тилдеги 23-пункттун онунчу абзацында "Ktioi = 2", " Ktioi = 1" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Ktioi = 1", " Ktioi = 0,5" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 31-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31. Кыргыз ташуучусуна (юридикалык жакка) чет өлкөлүк уруксатты берүүдө бланктын тиешелүү графалары (ташуучунун аталышы) толтурулат.";
- 32-пункттун биринчи сүйлөмүндө ", ыйгарым укуктуу орган аларды чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттын наркын төлөө менен башка ташуучуларга берет" деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |