Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2024-жылдын 1-февралы №33/5

 

 

Айыл аймагындагы кунарсыз жайыт жерлерин трансформациялоо жана ижарага берүү жөнүндө.

                          

    Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Көтөрмө айылдык Кенешинин сессиясы 05. 08.2022-жылдагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КРЖер Кодексине, «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү № 85 Мыйзамынын 1-беренесине негиз

                                                          Токтом кылат:

1.     Айыл аймагындагы кунарсыз жайыт жерлеринен жер аянтын трансформациялоо жагы айыл өкмөтүнөн суралсын.

2.     Которулган жер аянттары айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү багытында ижарага берилсин.

3.     Которулган жер аянттарын чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө ижарага берүүдө бир жаранга берилген жер аянтынын эң жогорку чеги 1 га деп белгиленсин.

4.     Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо Көтөрмо айыл окмөтүнүн жер адиси Б. Абдималиковго  тапшырылсын.

5.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

                                                                    

Төрага     

 

А.Бактыбаев