Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 26-декабры № 710
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 109 "Уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коом - "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 109 "Уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттун экинчи абзацында "2022-жылдын ичинде 117000000,0 (бир жүз он жети миллион) сомго" деген сөздөр "2027-жылга чейин 2 000 000 000,0 (эки миллиард) сомго" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 104 (3553) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |