Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 7-февралы № 34
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-жыл, № 7, 981-ст) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте банктык кепилдиктерди берүүчү курулуп жаткан же курулуп бүткөн объекттердин курулуш субъекттеринен (курулушчулардан) узартып төлөө менен келишимдик негизде турак жайды сатып алууда же сатып алганда, баштапкы жана кошумча төгүм катары топтолмо пенсиялык фонддон пенсиялык төлөмдөрдү көп жолу пайдаланууга.";
2) 19-берененин 5-бөлүгүнүн 2-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 09-февралындагы № 11 (3564) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 21-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |