КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара-Жыгач айылдык кенешинин 28-чакырылышынын 17-сессиясы
2023-жылдын 13-майы № 1
Жер участогун айыл чарба багытындагы (сугат айдоо жерлер) категориясынан «өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу» жана башка максаттар үчүн жер категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Ишкер А.А.Исаевдин кайрылуусун талкуулап жана карап чыгып. айыл чарба жерлерин (сугат айдоо жерлеринен) «өнөр жай, транспорт, коммуника- ция, энергетика, коргонуу» жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгып, Кара-Жыгач айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Исаев Акжол Абсаматовичтин менчигине таандык болгон 544, 545- контрунда жайгашкан 9 га жер тилкеси, айыл чарба багытындагы (сугат айдоо жерлери), “өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу” жана башка максаттар үчүн өнөр жай объектилерине жана тоо-кен казып алуу жерлеринде жайгашкан категориядагы жерлерге которууга макулдук берилсин.
2. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына 544, 545 контурунда жайгашкан 9 га айыл чарба багытындагы жер тилкесин (сугат айдоо жерин) “ өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу” жана башка максаттар үчүн өнөр жай объектилерин жайгаштыруу жана тоо-кен казып алуу үчүн жерлер категориясына которууга. өткөрүп берүү өтүнүчү менен кайрылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн
Айылдык кенештин төрагасы М.Басылбаев