ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Фрунзе айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын сессиясы
2023-жылдын 9-июнундагы № 67-9-5
"Фрунзе айыл аймагынын жана Фрунзе айыл өкмөтүнүн аталыштарын өзгөртүү жөнүндө"
"Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Фрунзе айыл аймагынын жана Фрунзе айыл өкмөтүнүн аталыштарын Бошкой Баатыр айыл өкмөтүнүн аталышына өзгөртүү маселесин угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
Токтом кылат:
1. Фрунзе айыл аймагынын жана Фрунзе айыл өкмөтүнүн аталыштары Бошкой Баатыр айыл өкмөтү жана Бошкой Баатыр айыл аймагы аталышына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Фрунзе айыл аймагынын аталышын өзгөртүү боюнча иштерди каржылоо Фрунзе айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Э. М. Нурмухамедовго жүктөлсүн.
Төрагасы |
| Абдылдаев Р. Т. |