Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 259 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-декабры № 730
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун жана аларды чечүү боюнча чаралардын автоматташтырылган электрондук реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ишкердик субъекттеринин экономикалык активдүүлүгүн өнүктүрүүнү камсыздоо, инвестициялык климатты жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун жана аларды чечүү боюнча чаралардын автоматташтырылган электрондук реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө Реестрди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча чараларды көрсүн.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Реестрди түзүүгө техникалык тапшырманы түзүүгө көмөк көрсөтсүн.".
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2024-жылдын 16-январындагы № 4 (3557) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |