БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштагы айылдык кеңештин XXVI сессиясы
2023-жылдын 29-сентябры № 158
Республикалык бюджеттин
келип түшкөн максаттуу трансферттерди бөлүштүрүү жөнүндө
Республикалык бюджеттен стимулдаштырууга багытталган максаттуу трансферттердин келип түшүүсү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, Биринчи май айылдык кеңешинин сессиясы,-
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерден түшкөн акча каражаттары - 438,8 миң сом суммасында бөлүштүрүлсүн.
2. АРИСтин долбоору боюнча кошо каржылоого - 360,0 миң сом зарыл чыгаша статьяларына:
- Бөлүм 70921 - Орто мектептер:
- 31112320-статьясы - 360,0 миң сом. (мекемелердин имараттарын капиталдык оңдоо);
- Бөлүм 70624 - Коммуналдык ишканалар комбинаттары:
- 25121100-статьясы -78,8 миң сом. (финансылык жана мамлекеттик субсидиялар ишканалар);
Бардыгы: 438,8 миң сом.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи май айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Ж.Алыбековго жүктөлсүн.
Төрага | Н.И. Акматалиев |