БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштагы айылдык кеңештин XXVI сессиясы
2023-жылдын 29-сентябры № 160
Кошумча төлөөгө акча каражаттарды бөлүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн башчысынын АРИСтин "ПСИ-3 алкагында кошумча каржылоо (COVID-19 каршы аракеттенүү бюнча) “1-орто мектебин, 4-орто мектеби ички даарат каналарын капиталдык оңдоо” долбоорун ишке ашыруу боюнча кош каржылоого акча каражат бөлүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Биринчи май айылдык кеңешинин сессиясы",-
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. ФЭБ башчысы Л.З. Молдалиева "№ 1 орто мектебинин, № 4 орто мектебинин ички санитардык түйүндөрүн капиталдык оңдоодон өткөрүү" долбоору боюнча кошумча төлөөгө 108,0 миң сом суммасында акча каражатын бөлүү каралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Ж. Алыбековго жүктөлсүн.
Төрага | Н.И. Акматалиев |