ОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 10-августундагы № 3
Оро айыл өкмөтүнө берилген комбайндын элге кызмат көрсөтүү акысын
бекитүү жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезектеги 21-сессиясы, айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаевдин Талас Өнүктүрүү Фонду аркылуу айыл өкмөтүнө берилген комбайндын дан эгиндерин чабууда элге көрсөтүүчү кызмат акысынын баасы тууралуу сунушун талкуулап, тактап
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Оро айыл өкмөтүнө Талас өнүктүрүү Фонду аркылуу айыл өкмөтүнө берилген комбайндын дан эгиндерин чабууда элге көрсөтүүчү кызмат акысынын баасы 2023-жылдын сезондуу иштеринде гектарына 2000(эки миң) сом акча жана 30(отуз) литр солярка болуп бекитилсин.
2. Бекитилген 2000(эки миң) сом каражаттын 25% айыл өкмөтүнүн бюджетине төгүлсүн жана калган 75% комбайндын оңдоо иштерине тетиктерин алууга жана Бектурган уулу Амангелдинин эмгек акысына жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаевге жүктөлсүн.
Төрага | Б.Мотуев |