БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштагы айылдык кеңештин XXVI сессиясы
2023-жылдын 29-сентябры № 162
Чүй облусу боюнча мусулмандар дин башкармалыгы карамагына мечиттин алдындагы жер участогун өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 9 беренеси 2-пунктуна ылайык, Чүй облусу боюнча мусулмандар дин башкармалыгынын карамагына мечиттин алдындагы жер участогун өткөрүп берөөгү макулдук берүү жөнүндө Биринчи май айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун, маалыматын угуп жана талкуулап, Биринчи май айылдык кенешинин сессиясынын, -
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Биринчи Май айыл өкмөтүнө Ак-Суу а., Ипподром к. н/ж, жалпы аянты 3910 ч.м. дареги боюнча жайгашкан мечиттин алдындагы жер участогун Чүй облусу мусулмандарынын дин башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.
Төрага | Н.И. Акматалиев |