Редакцияот 29.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

XXVIII чакырылыштагы айылдык кеңештин XXVI сессиясы

 

2023-жылдын 29-сентябры № 163

Жер тилкесин максатту багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

             Жаран С.Г. Григоряндын арызын угуп жана талкуулап, жер участогун максатту багытын өзгөтүү жөнүндө арызга тиркелген материалдарды (2023-жылдын 3-февралындагы № 11-2023 шаар куруу корутундусу) изилдеп чыгып,  Ак-Суу айылы, Вокзальная көчөсү № 16 дарегинде жайгашкан айыл чарбалык эмес багыттагы "Куткарылуу ташы" чиркөөсүнө (сыйынуу үйү) диний уюму үчүн жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү боюнча. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11-б, 18-б  4-п, 77-б. 3-п., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу  жобо", Биринчи май айылдык кеңешинин сессиясы,-

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

1. Биринчи Май айыл өкмөтүнө Ак-Суу айылы, Вокзальная көч. № 16 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 779,9 кв. м. айыл чарбалык эмес багыттындагы жер участогун "Куткарылуу ташы" чиркөөсү (сыйынуу үйү) диний уюму катары өзгөртүүгө макулдук берилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктөлсүн.

 

 Төрага

Н.И. Акматалиев