КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-декабры № 729
2022-жылдын 11-ноябрында Самаркандда кол коюлган Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Эл аралык айкалышкан жүк ташуулар жөнүндө макулдашууну бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2022-жылдын 11-ноябрында Самаркандда кол коюлган Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Эл аралык айкалышкан жүк ташуулар жөнүндө макулдашуу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Түрк мамлекеттеринин уюмунун катчылыгына кабарласын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2024-жылдын 16-январындагы № 4 (3557) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |