Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 729 токтому менен бекитилди
Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Эл аралык айкалышкан жүк ташуулар жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Самарканд шаары, 2022-жылдын 11-ноябры
Азербайжан Республикасынын Өкмөтү, Казакстан Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Түркия Республикасынын Өкмөтү жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Макулдашуучу Тараптар),
Эл аралык жүк ташууларды жеңилдетүү максатында:
Эл аралык айкалышкан жүк ташуулар чөйрөсүндө кызматташуу Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин ортосундагы сооданы өнүктүрүү үчүн маанилүү өбөлгө болуп санала тургандыгын эске алып,
социалдык көйгөйлөр менен альтернативдүү чечимдерди камсыз кылуу үчүн автомобиль жолдорунан тышкары заманбап темир жол жана суу транспорт системаларын өнүктүрүү зарылдыгын түшүнүү менен,
социалдык, экономикалык жана экологиялык артыкчылыктары бар альтернативдүү чечимдерди чыгаруу максатында, айкалышкан жүк ташуулар системасы эл аралык жүк ташууну жеңилдетүү үчүн жогорку потенциалга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигине таянып,
эл аралык айкалышкан жүк ташууларга тиешелүү эл аралык макулдашууларга шилтеме кылуу менен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Чөйрө
(1) Бул Макулдашуу Макулдашуучу Тараптардын биринин мамлекетинде катталган транспорт каражаты менен Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин аймактарынын ортосунда же транзит менен жүзөгө ашырылуучу темир жол, суу жана/же автомобиль транспорту менен Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин аймактары аркылуу товарларды эл аралык айкалыштырып ташууну билдирет.
(2) Бул Макулдашуу Макулдашуучу Тараптардын башка эл аралык келишимдеринен келип чыккан укуктарын жана милдеттерин козгобойт жана ошол эл аралык келишимдерде каралган транзиттик жана транспорттук иш-аракеттерге тоскоолдук катары чечмеленбөөгө тийиш.
2-берене. Аныктоолор
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн колдонулган терминдер төмөнкүдөй мааниге ээ:
а) айкалышкан жүк ташуулар - бир жүктөөчү бирдикте же эки, же андан көп унаанын түрүн пайдаланган транспорт каражаттары менен жүктөрдү ташууда транспорттун улам башкасына өтүп жатканына карабастан жүктөрдү кайрадан иштеп чыкпастан ташуу;
б) уруксат - Макулдашуучу Тараптардын биринин компетенттүү органдары тарабынан берилген, экинчи Макулдашуучу Тараптардын биринин мамлекетинин аймагында катталган автотранспорт каражатына Макулдашуучу Тараптардын биринин мамлекетинин аймагына кирүү/чыгуу жана транзиттик өтүүгө уруксат берүүчү документ (анын ичинде электрондук);
в) Биргелешкен комитет - ушул Макулдашуунун 6-беренесинин жоболоруна ылайык түзүлгөн эл аралык айкалышкан ташуулар боюнча биргелешкен комитет;
г) жүк ташуучу - Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укук алган каалаган жеке же юридикалык жак.
3-берене. Компетенттүү органдар
(1) Бул Макулдашууда Макулдашуучу Тараптардын компетенттүү органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Азербайжан Республикасында - Санариптик өнүктүрүү жана транспорт министрлиги;
- Казакстан Республикасында - Өнөр жай жана имфраструктуралык өнүктүрүү министрлиги;
- Кыргыз Республикасында - Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
- Түркия Республикасында - Транспорт жана инфраструктура министрлиги;
- Өзбекстан Республикасында - Транспорт министрлиги.
(2) Макулдашуучу Тараптардын компетенттүү органдары же алардын аталыштары өзгөргөн учурда, бул жөнүндө башка Макулдашуучу Тараптарга дипломатиялык каналдар аркылуу маалымат жиберилет.
4-берене. Эл аралык айкалышкан жүк ташууларга көмөк көрсөтүү
(1) Макулдашуучу Тараптар алардын мамлекеттеринин аймактарын байланыштырган темир жол линияларында, атап айтканда, "PO-ЛА" эл аралык контейнердик поезд үчүн (автотранспорт каражаттарын платформаларда контейнердик ташуу) байланыштыруучу жана транзиттик кызматтарды көрсөтүүгө күч-аракетин жумшайт. "РО-РО" (жол транспортун кемелер менен ташуу), фидердик кеме жана темир жол-паром кызматтары.
(2) Макулдашуучу Тараптар өз мамлекеттеринин аймагына кирген поезддер үчүн бажы жол-жоболорун тездетүү максатында алдын ала маалымат алмашууну камсыз кылат. Мындай алдын ала маалымат алмашуунун шарттары жана тартиби Биргелешкен комитет тарабынан аныкталат.
(3) Поезддердин чек аралар аркылуу кыймылын тездетүү үчүн шарттарды түзүү максатында Макулдашуучу Тараптар мамлекеттик чек аранын өткөрүү пункттарын тиешелүү каражаттар жана жабдуулар менен камсыздайт.
4) Айкалышкан жүк ташууларды жеңилдетүү жана дем берүү максатында Каспий деңизи аркылуу айкалышкан жүк ташууну жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттарына атайын транзиттик уруксат ушул Макулдашууга ылайык Биргелешкен комитеттин чечими менен аныкталуучу шарттарда берилиши мүмкүн.
(5) Макулдашуучу Тараптардын автотранспорт каражаттары Каспий деңизи аркылуу айкалышкан транспортту пайдаланган учурда Макулдашуучу Тараптар эл аралык бажы транзитинин жол-жоболорун тездетүүгө жана жеңилдетүүгө умтулат.
(6) Эл аралык айкалышкан жүк ташууларды жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттарынын айдоочуларына визаларды берүүнү жөнөкөйлөтүү максатында Макулдашуучу Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жөнөкөйлөтүлгөн көп жолку кирүү визаларын берет.
(7) Макулдашуучу Тараптар жүктөрдү ташуу жол-жоболоруна карата санариптик технологияларды киргизүү боюнча чараларды көрөт жана колдойт. Мындай чаралар Биргелешкен комитет тарабынан иштелип чыгат.
5-берене. Эл аралык айкалышкан жүк ташууну өнүктүрүү
(1) Макулдашуучу Тараптар айкалышкан транспорттук операциялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында интермодалдык ташуулардын салыштырмалуу артыкчылыктарын эске алуу менен айкалышкан жүк ташууларды кубаттайт. Эл аралык айкалышкан жүк ташууларды колдоо боюнча өбөлгөлөр жана чаралар Биргелешкен комитеттин жыйналыштарында аныкталат.
(2) Макулдашуучу Тараптар өздөрүнүн темир жол компанияларына, кеме компанияларына жана портторуна айкалышкан жүк ташуу үчүн инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтө алат.
(3) Макулдашуучу Тараптар дем алыш жана майрам күндөрү айкалышкан жүк терминалдарына чейин/айлануучу жүк ташуулар үчүн кыймылга чектөөлөрдү алып салуу боюнча зарыл болгон чараларды көрөт.
(4) Макулдашуучу Тараптар айкалышкан жүк ташуулар менен байланышкан документтерди контролдоону тездетүү максатында өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында аныкталган операцияларды жүргүзөт.
(5) Макулдашуучу Тараптар айкалышкан жүк ташууларды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча өз ара кызматташат жана бири-бирине жардам берет. Алар ошондой эле Макулдашуучу Тараптын жүк ташуучулары колдонгон каттамдарды өнүктүрүү боюнча биргеликте иштейт.
6-берене. Кызматташуу жана Биргелешкен комитет
(1) Макулдашуучу Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн компетенттүү органдардын ортосунда маалымат алмашууну камсыз кылат.
(2) Бул Макулдашууну ишке ашырууга тиешелүү бардык маселелерди чечүү үчүн Макулдашуучу Тараптардын өкүлдөрүнөн турган Биргелешкен комитет түзүлөт.
Бул комитет Макулдашуучу Тараптардын расмий адамдарынан, ошондой эле биргелешкен транспорт секторунун өкүлдөрүнөн турат. Биргелешкен комитеттин чечимдери Макулдашуучу Тараптардын консенсусу боюнча кабыл алынат. OTS Биргелешкен комитеттин катчылыгы болуп саналат.
(3) Биргелешкен комитеттин биринчи жыйналышы Макулдашуу күчүнө киргенден кийин 3 айдын ичинде өткөрүлөт. Биргелешкен комитет кезеги менен Макулдашуучу Тараптардын биринин мамлекетинин аймагында ар кандай компетенттүү органдардын талабы боюнча чогулат. Биргелешкен комитеттин жыйналыштарында талкуулануучу маселелердин күн тартиби башка Макулдашуучу Тараптарга анын жыйналышы өткөрүлгөнгө чейин 2 жумадан кечиктирилбестен билдирилет.
(4) Биргелешкен комитет ушул Макулдашууну аткаруудан жана ишке ашыруудан тышкары, айкалышкан транспорт чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү талкуулоо жана чечүү үчүн жоопкерчилик тартат. Биргелешкен комитет консенсус жолу менен ушул Макулдашуунун каалаган беренелерине өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүүнү сунуштай алат.
7-берене. Маалыматтарды коргоо
Макулдашуучу Тараптар расмий статистиканы жана отчетторду копшогондо, бул Макулдашуу менен жөнгө салынуучу бардык маалыматтар колдонуудагы улуттук мыйзамдарга жана алар катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге жана конвенцияларга ылайык корголо тургандыгын жана үчүнчү тараптарга алдын ала жазуу жүзүндөгү уруксатсыз берилбей тургандыгын жарыя кылат. Бул Макулдашуу менен жөнгө салынуучу маалыматтарды жана кабарларды берүү Макулдашуучу Тараптардын компетенттүү органдарынын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен жүзөгө ашырылат.
8-берене. Өзгөчө кырдаалдар
Макулдашуучу Тараптар өзгөчө кырдаалдарда же жөндүү себепсиз аралаш жүк ташуу үзгүлтүккө учураганда кандайдыр бир биргелешкен өзгөчө чараларды көрүү үчүн макулдашат.
9-берене. Улуттук мыйзамдарды сактоо
(1) Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында транспорттук операцияларды жүзөгө ашыруучу жүк ташуучулар жана транспорттук каражаттардын экипаждары аймагында мындай операциялар жүргүзүлүп жаткан мамлекеттин улуттук мыйзамдарын сактоого милдеттүү.
(2) Айкалышкан транспорттук бирдикти Макулдашуучу Тараптардын биринин мамлекетинин аймагында жайгашкан жүк терминалдарынан/терминалдарына ташуу бул Макулдашуучу Тараптын мамлекетинде катталган транспорт каражаттары менен гана жүзөгө ашырылат.
10-берене Талаштарды чечүү
Бул Макулдашууну ишке ашырууга жана чечмелөөгө байланыштуу Макулдашуучу Тараптардын ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон пикир келишпестиктер достук маанайда кеңеш берүү жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
11-берене. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор
(1) Макулдашуучу Тараптардын өз ара сүйлөшүүлөрү боюнча бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протокол түрүндө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
12-берене. Депозитарий
Бул Макулдашуунун депозитарийи болуп Түрк мамлекеттеринин уюмунун катчылыгы саналат.
13-берене. Иш-аракети, күчүнө кириши, кошулуу жана чыгуу
(1) Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт.
Бул Макулдашуу Макулдашуучу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө депозитарийден акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону дипломатиялык каналдар аркылуу алгандан кийин отузунчу күнү күчүнө кирет.
(2) Бул Макулдашуу Макулдашуучу Тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен каалаган мамлекеттин кошулуусу үчүн жеткиликтүү. Мындай кошулган мамлекетке карата бул Макулдашуу депозитарийден дипломатиялык каналдар аркылуу кошулуу жөнүндө документти алгандан кийин отузунчу күнү күчүнө кирет.
(3) Макулдашуучу Тараптардын кайсынысы болбосун бул Макулдашуудан чыгуунун болжолдонгон күнүнө чейин кеминде алты (6) ай мурда өзүнүн чыгуу ниети жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча депозитарий аркылуу башка Макулдашуучу Тараптарга кабарлоо менен чыга алат.
Самарканд шаарында 2022-жылдын 11-ноябрында, азербайжан, казак, кыргыз, түрк, өзбек жана англис тилдеринде бирден нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашууну чечмелөөдө кандайдыр бир пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
|
|
Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
|
|
|
|
|
Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
|
|
Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|