Редакцияот 02.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кен-Арал айылдык аймактык кенешинин VIII – чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы

 

2023-жылдын 2-майындагы № 1

 

Токой чарбасы менен талаш болуп жаткан жерлер боюнча

Кең-Арал айылынын күн батыш тарабындагы № 108, 109, 119, 120, 122, 123 чөйрө сызыгындагы токой чарба менен талаш жерлер боюнча маселени карап талкуулап Кең-Арал айылдык кенешинин VIII - чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кең-Арал айылынын Күн батыш тарабындагы № 108, 109, 119, 120, 122, 123 чөйрө сызыгындагы жерлерди мыйзам чегинде сот аркылуу чечилмейинче айылдын элдери убактылуу жайыт катары пайдаланылсын.

 

2. Токтомду аткаруу жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алымкуловго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

Б.Токонов