Загрузка документа…
НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 19-августу № 63/XVI-28
Жер участогун бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө
|
Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 15-августундагы № 03-53/828 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ Мыйзамынын 27 беренесине ылайык, Сары-Жон айылында балдардын ден соолугун чыңдоо жана активдүү эс алууну уюштуруу максатында, Ново-Покровка айылдык кеңеши |
ТОКТОМ КЫЛАТ:
|
1.Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине Сары-Жон айылы, Сары-Жон көчөсү, №53 контурда жайгашкан жалпы аянты 4000 ч.м. жер тилкесин ойноочу, спорттук балдар аянтчасына бекитүүгө макулдук берилсин.
2.Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясын жогоруда көрсөтүлгөн жер участогун белгиленген мыйзамдуу тартипте муниципалдык менчикке бекитип берүүсү суралсын. |
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жер суроолору боюнча башкы адиси Э.У.Урматбековго жүктөлсүн. |
Ново-Покровка айылдык кеңештин төрагасы |
Ш.И.Турдиев |