КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 1-февралы № 1852-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 1-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2024-жылдын 1-февралындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
2024-жылдын февраль айына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин календардык иш планын бекитүү жөнүндө;
“Ломбард иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
Кыргыз Республикасында 2024-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык иштерин өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы тууралуу.
Төрага | Н.Т. Шакиев |