Загрузка документа…
НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 7-сентябры № 66/XVII-28
Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча кредиттерди жылдыруу жөнүндө | |
Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысынын №1 НОМ күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө бюджеттин чыгаша бөлүгүндөгү беренелер боюнча кредиттерди жылдырууну жүргүзүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу, Ново-Покровка айылдык кеңеши, | |
Т О К Т О М К Ы Л А Т : | |
1. Ново-Покровка айыл аймагындагы мектептердин имараттардын оңдоо иштерине пландалган 590,0 миң сом суммасын жана башка чыгымдарга пландалган 110,0 миң сом суммасын, көмүр алууда үнөмдөлгөн 50,0 миң сом Ново-Покровка айыл аймагынын бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча жылдырылсын: 70921 “Билим берүү”бөлүмү Ново-Покровка айылынын № 1 жалпы билим берүү орто мектебинин жылытуу казанын орнотуу менен отканасын капиталдык оңдоо иштерине 2221 беренеси (күнүмдүк ондоо иштери) 590,0 миң сом суммасында азайтылсын; 2224 беренеси (көмүр сатып алуу) 50,0 миң сом суммасына азайтылсын; 2215 беренеси ( башка чыгымдар) 110,0 миң сом суммасына азайтылсын; 3111 беренеси(капиталдык оңдоо иштери) 750,0 миң сом суммасына көбөйтүлсүн. | |
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.А.Дмитриевага жүктөлсүн.
| |
Ново-Покровка айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш.И.Турдиев |