Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 8-февралы № 41
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Туумдун суммасы Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык салынуучу айыптын өлчөмүнүн суммасына кошуп эсептелүүчү туумду кошпогондо, кечиктирилген ар бир күн үчүн өнбөгөн калдыктын өлчөмүнүн 0,09 пайызына барабар өлчөмдө эсептелинет.";
б) 7-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган учурларда.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 35-берене төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Ушул Кодекстин 177-180, 182-200-беренелеринде каралган укук бузуулар боюнча салынган айып пулдун өлчөмүнүн суммасына туум кошуп эсептелбейт.";
2) 568-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"568-берене. Айып пул салуу жана туумдарды өндүрүү жөнүндө токтомду мажбурлап аткартуу
1. Туум эсептелбеген укук бузгандыгы үчүн айып пул салуу жөнүндө токтом мыйзамда белгиленген мөөнөттө ыктыярдуу тартипте аткарылбаган учурда, ыйгарым укуктуу орган (өндүрүп алуучу) ушул Кодекстин 559-беренесинде каралган эскирүү мөөнөтү аяктаганга чейин, аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте мажбурлап аткартуу үчүн айып пул салуу жөнүндө токтомду сот аткаруучуга жөнөтөт.
2. Укук бузгандыгы үчүн айып пулду мыйзамда белгиленген мөөнөттө ыктыярдуу тартипте төлөбөгөн жана анын эң көп өлчөмүнө жеткен учурда, ыйгарым укуктуу орган (өндүрүп алуучу) туумду кошуп эсептөө жөнүндө токтом чыгарат жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте мажбурлап аткартуу үчүн айып пул салуу жана туумдарды кошуп эсептөө жөнүндө өзүнүн токтомдорун сот аткаруучуга жөнөтөт.
Токтомдорду сот аткаруучуга жөнөтүү жөнүндө маалыматтар Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык системасына (АМС) киргизилет.".
3-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-180, 182-200-беренелеринде каралган, анын ичинде ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин ыйгарым укуктуу органдын өндүрүшүндө турган туумду кошуп эсептөө жөнүндө чечим чыгарылган укук бузуулар жөнүндө иштер ушул Мыйзамдын ченемдерин эске алуу менен, туумдарды жокко чыгаруу менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык каралууга жана аткарылууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-180, 182-200-беренелеринде каралган, ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин аткаруу документтерин аткаруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын өндүрүшүндө турган укук бузуулар жөнүндө иштер туумду жокко чыгаруу менен ушул Мыйзамдын ченемдерине ылайык аткарылууга тийиш.
3. Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-180, 182-200-беренелеринде каралган, ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин соттордун өндүрүшүндө турган укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча ыйгарым укуктуу органдын даттанылган токтомдору, укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомдоруна даттануу жөнүндө иштерди кароонун натыйжалары боюнча соттордун чечимдерине даттануу жөнүндө иштер ушул Мыйзамдын ченемдерин эске алуу менен, туумдарды жокко чыгаруу менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган тартипте каралууга тийиш.
4-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Укук коргоо, сот органдары, прокуратура органдары, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 21-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |