Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-декабры № 667
Облустук гезиттердин редакцияларын чарбалык эсепке которуу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 токтомунун редакциясына ылайык)
Басма чөйрөсүндөгү мекемелердин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкү облустук гезиттердин редакциялары чарбалык эсепке которулсун:
1) "Баткен Таңы" Баткен облустук гезитинин редакциясы" мекемеси;
2) "Акыйкат" Жалал-Абад облустук гезитинин редакциясы" мекемеси;
3) "Жалал-Абад тонги" Жалал-Абад облустук гезитинин редакциясы" мекемеси;
4) "Ысык-Көл кабарлары" Ысык-Көл облустук гезитинин редакциясы" мекемеси;
5) "Вести Иссык-Куля" Ысык-Көл облустук гезитинин редакциясы" мекемеси;
6) "Теңир Too" Нарын облустук гезитинин редакциясы" мекемеси;
7) "Талас байрагы" Талас облустук гезитинин редакциясы" мекемеси;
8) "Чүй баяны" Чүй облустук гезитинин редакциясы" мекемеси;
9) "Чуйские известия" Чүй облустук гезитинин редакциясы" мекемеси;
10) "Ош жаңырыгы" Ош облустук гезитинин редакциясы" мекемеси;
11) "Уш садоси" Ош облустук гезитинин редакциясы" мекемеси;
12) "Эхо Оша" Ош облустук гезитинин редакциясы" мекемеси.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын, 6-тиркемеге ылайык;";
2) жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-пункт, 8-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги белгиленген тартипте:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
| "6-тиркеме |
"Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын типтүү чектелген штаты
№ | Кызмат орундарынын аталышы | "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясы |
1. Административдик персонал | ||
1 | Башкы директор | 1 |
2 | Башкы директордун орун басары | 1 |
| Жалпы: | 2 |
2. Негизги персонал | ||
3 | Телепрограммалардын башкы редактору | 1 |
4 | Башкы режиссер | 1 |
5 | Башкы инженер | 1 |
6 | Башкы телеоператор | 1 |
7 | Башкы бухгалтер | 1 |
8 | Кадрлар боюнча инспектор | 1 |
9 | Улук редактор | 1 |
10 | Телеоператор | 2 |
11 | Монтаждоочу | 2 |
12 | Эфирдин техниги | 1 |
13 | Өз кабарчы | 2 |
14 | Кабарчылар (райондук) | 12 |
15 | Диктор | 1 |
16 | Үн жаздыруу оператору | 1 |
17 | Атайын кабарчы | 1 |
18 | Компьютердик терүүнүн оператору | 1 |
19 | Веб-редактор | 2 |
20 | Системалык администратор | 1 |
21 | Юрисконсульт | 1 |
22 | Жарнама боюнча менеджер | 2 |
23 | Офис-менеджер | 1 |
24 | Гримдөөчү-пастижер | 1 |
| Жалпы: | 38 |
3. Техникалык жана кенже тейлөөчү персонал | ||
25 | Котормочу | 1 |
26 | Архивариус | 1 |
27 | Автомобилдин айдоочусу | 1 |
28 | Өндүрүштүк жана кызматтык жайларды тазалоочу | 1 |
29 | Кароолчу | 1 |
30 | Цехтин, участоктун электриги | 1 |
| Жалпы: | 6 |
| Бардыгы: | 46 |
Эскертүү.
"Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын жетекчиси өндүрүштүк зарылчылыкка жараша эмгек акы төлөө фондунун жана штаттык сандын чегинде кызмат орундарын кайра бөлүштүрүү укугуна ээ.".
|
| 2-тиркеме |
|
| "7-тиркеме |
"Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын кызматкерлеринин кызматтык маянасына эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Башкы директор | 3,53 |
2 | Башкы директордун орун басары | 2,79 |
| Телепрограммалардын башкы редактору | 2,79 |
Башкы режиссер | 2,79 | |
Башкы инженер | 2,79 | |
Башкы телеоператор | 2,79 | |
Башкы бухгалтер | 2,79 | |
Кадрлар боюнча инспектор | 2,79 | |
Юрисконсульт | 2,79 | |
Эфирдин техниги | 2,79 | |
Веб-редактор | 2,79 | |
3 | Офис-менеджер | 2,45 |
4 | Улук редактор | 2,35 |
Диктор | 2,35 | |
5 | Улук оператор | 2,20 |
Телеоператор | 2,20 | |
Монтажер | 2,20 | |
Өз кабарчы | 2,20 | |
Кабарчы | 2,20 | |
Үн оператору | 2,20 | |
Системалык администратор | 2,20 | |
Жарнама боюнча менеджер | 2,20 | |
Гримдөөчү-пастижер | 2,20 |