Редакцияот 02.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги XХXIX - сессиясы

2024-жылдын 2-февралы № 167

 

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевдин отчету 

 

 

           Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып Кадамжай шаардык кеёешинин сессиясы белгилейт.

           2023-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүусү боюнча кабыл алынган планды аткаруунун үстүндо иш жүргүзүлүп, жыл ичинде шаардагы өнөр-жай ишканалары, кичи жана орто бизнестин субьекттери, социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу боюнча бир топ натыйжалуу иштерди алып барышты.

Кадамжай шаардык мэриясынын 2023-жылдын 12 айына салыктар боюнча бекитилген план 70 476,1 миё сом, ал эми берилген план 90 040,7 миё сом болсо, аткарылганы 100 104,5  миё сомду түзүп же болбосо 10 063,8 миң сомго көп аткарылып, 111,2%ды туздү. Бекитилген план тапшырмага жана берилген план тапшырмага салыштырмалуу 19 564,6 миң сомго көп план берилүүдө.

Киреше салыгы (подоходный налог) боюнча бекитилген план 58 330,0 мң сом, ал эми берилген план тапшырма 70 330,0 миң сом, аткарылганы 79 255,0 миң сомду түзүп же болбосо 8 925,0 миң сом көп аткарылып, 112,7 %ды түздү. Бекитилген план тапшырмага жана берилген план тапшырмага салыштырмалуу 12 000,0 миң сомго көп план берилүүдө.

Бирдиктүү салык декларациясы боюнча 100,0 % түздү, милдеттүү патенттин негизинде салык  22,3 % түздү.

Патенттин негизинде салык 102,6 %, транспорттук салык юридикалык жактар 125,1 %, транспорттук салык жеке жактарга 127,1 %, короо жанындагы жана дачалык, жер тилкелерин пайдалануу үчүн жер салыгы 117,0 %, жайыт ижарасы үчүн салык 116,7 %, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы 119,1 %, таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым 116,7 % түздү.

Ошону менен бирге ФПС жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы 67,4 % аткарылган.

Кадамжай шаардык мэриясынын 2023-жылдын 12 айына чыгаша бөлүгү боюнча бекитилген план 70 476,1 миң сом, ал эми такталган план 110 555,1 миң сом болсо, кассалык чыгым 96 225,3 миң сом, реалдуу керектүү (фактический расход) 51 142,9 миң сомду түзгөн.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндогү” мыйзамынын  34-беренесине негиз Кадамжай шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.     Кадамжай шаарынын мэринин 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча отчету “канааттандырарлык” деп табылсын.

 

2.     Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин:

 

-       шаардын социалдык инфраструктурасын өсүп өнүгүүсү үчүн түрткү берүүчү гранттарды жана инвестицияларды тартууну активдештирүү жагы;

 

-       шаардын  тазалыгын сактап, тургундарды, чарбалык субьектерди суу, электр энергиясы жана жылуулук менен айрыкча кыш мезгилинде үзгүлтүксүз камсыз кылуу жагы;

 

-       шаардын тургундарынын жана жаштардын арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында спорт жана дене тарбия тармагын өнүктүрүү, машыгууга тийиштүү шарттарды түзүп, ар түрдүү мелдештерди уюштуруу боюнча иш чаралар өткөрүү жагы;

 

-       шаарда укук бузуулар, диний экстремизм жана легалдуу эмес миграция менен күрөшүүнү күчөтүүгө жана коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү жагы.

 

 

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасына   жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

Тѳрага:

А.Абдыразаков