Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-январы № 1818-VII
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 8 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.
2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:
А.А.Козуев - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Б.В.Шабазов - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
А.Исатбек кызы - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
А.А.Исираилов - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
А.А.Айдарова - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Д.А.Ашимова - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
К.Л.Ханджеза - "Мекенчил" депутаттык тобунан;
К.К.Самаков - "Элдик" депутаттык тобунан.
Төрагасынын орун басары |
| Н.Сыдыгалиев |