Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-январы № 29
Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жолу менен курулуш, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо объекттерин каржылоо жана мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө механизмдерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун андан ары өнүктүрүү, ошондой эле курулуш, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо объекттерин каржылоо жана мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө механизмдерин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 58-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Мамлекеттик казыналык облигацияларды чыгаруу жолу менен курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жана төлөө тартиби жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
4) Казыналык милдеттенмелерди каттоо жана эсепке алуу мамлекеттик китеби жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.
2. Мамлекеттик органдардын жетекчилери кредитордук карыздар жөнүндө, ошондой эле курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттери жөнүндө маалыматтарды берүүдө маалыматтардын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат деп белгиленсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 616 "Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы № 237 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 616 "Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш объекттерин каржылоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 537 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 616 "Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш объекттерин каржылоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2024-жылдын 30-январындагы № 8 (3561) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |