КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 1-февралы ПЖ № 20
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалган Кокшенова Сымбат Темирбековна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн 2024-жылдын 1-февралынан тартып Ысык-Көл облустук сотуна жиберилсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |