Загрузка документа…
|
Казыналык милдеттенмелерди каттоо жана эсепке алуу мамлекеттик китеби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо казыналык милдеттенмелерди каттоо жана эсепке алуу мамлекеттик китебин жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Казыналык милдеттенмелерди каттоо жана эсепке алуу мамлекеттик китеби (мындан ары - Мамлекеттик китеп) расмий мамлекеттик документ болуп саналат.
3. Мамлекеттик китепте казыналык милдеттенмелердин ээсинин акчалай талабы катталат.
2-глава. Мамлекеттик китепти жүргүзүү
4. Мамлекеттик китепти сактоо жана жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - Финансы министрлиги) тарабынан кагаз жүзүндө жүзөгө ашырылат.
5. Казыналык милдеттенмелердин ар бир чыгарылышында Мамлекеттик китептин жаңы барагы ачылат.
6. Мамлекеттик китептин ар бир барагына Кыргыз Республикасынын финансы министри кол коёт.
7. Ар бир акчалай талап өзүнчө баракка жазылат, анда ээсинин аты же аталышы, талаптын суммасы, купондук төлөмдөрдүн жана милдеттенмелерди төлөөнүн датасы жана мөөнөттөрү көрсөтүлөт. Жазуу казыналык милдеттенменин ээсинин колу жана гербдүү мөөрү менен бекемделиши керек.
8. Ар бир жазууга милдеттенменин номеринен жана милдеттенменин чыгаруу сериясынын номеринен турган уникалдуу номер берилет.
9. Мамлекеттик китепке жазуулар баалуу кагаздардын ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтерди көрсөтүү менен киргизилет.
10. Мамлекеттик китептеги жазууларга банк мекемелериндеги салымдарга эквиваленттүү болгон салым сыры жайылтылат.
11. Сатып алуу-сатуу операциялары жана баалуу кагаздарга ээлик кылуу укугун өткөрүп берүүгө алып келген башка операциялар Мамлекеттик китепте (актынын негизинде) катталууга жана казыналык милдеттенмелердин акыркы ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
3-глава. Казыналык милдеттенмелерди төлөөнү каттоо
12. Казыналык милдеттенмелерди төлөө казыналык милдеттенмелерди чыгаруунун жана төлөөнүн шарттарына ылайык жүзөгө ашырылат.
13. Мамлекеттик китепте катталбаган милдеттенмелер төлөнбөйт.
14. Казыналык милдеттенмелерди төлөөдө Финансы министрлиги төлөө жөнүндө тапшырма даярдайт жана аны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казылыгына өткөрүп берет. Борбордук казыналык салыштырып текшерет жана маалыматтар туура келгенде алынган тапшырманын негизинде бирдиктүү казыналык эсептен казыналык милдеттенмелердин ээсинин эсебине акча каражаттарын которууну жүзөгө ашырат.
15. Казыналык милдеттенмени төлөөдө ал акт боюнча ыйгарым укуктуу органга өткөрүлүп берилет жана ээсинин акчалай талап кылуу укугу Кыргыз Республикасынын финансы министринин тиешелүү жазуусу жана колу менен жокко чыгарылат.
16. Мамлекеттик китептеги жазууларды сактоо казыналык милдеттенмелер төлөнгөндөн кийин 3 (үч) жылдын ичинде жүзөгө ашырылат.