АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2023-жылдын 27-ноябры № 1
Атай айыл аймагындагы Атай жана Карл Маркс айылдарын байланыштырып турган А.Султан жана Т.Жакишов көчөлөрүнө жарыктандыруу орнотуу жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Атай айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Атай айыл аймагындагы Атай жана Карл Маркс айылдарын байланыштырып турган А.Султан жана Т.Жакишов көчөлөрүнө 4700 км узундуктагы жерге жарыктандыруу орнотууга уруксат берилсин.
2.АТЗ алуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбаевге тапшырылсын.
3.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин «Пландоо-бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына жана финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары : |
К.М.Манапбаева |