Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 7-июлу № 343
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 746 "Электр жана почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин экинчи бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 746 "Электр жана почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электр жана почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 40-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) байланыш операторлору атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүдө тергөөчүгө жана байланыш тармактарында контрчалгындоо ишин жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулар жөнүндө маалыматты, ошондой эле бул органдарга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка маалыматты берүүгө, аларга байланыштын бардык тармактарында жана каналдарында атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүнүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн, маалымат базаларынын, байланыш операторунун автоматташтырылган системаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга;";
- 41-4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"41-4. Лицензиат төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында идентификациялануучу колдонулуп жаткан, ташып келинген жана транзиттик түзүлүштөрдүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн арналган түзүлүштөрдүн маалыматтар базасын жүргүзүүгө жана өз ишин жүргүзгөн бардык мезгилде маалыматтар базасын сактоону камсыз кылууга;
2) маалыматтар базасында идентификациялык коддору окшош эки же андан көп түзүлүштөр аныкталган учурда бул жөнүндө ыкчам-издөө ишин жүзөгө ашыруучу укук коргоо органдарына билдирүүгө;
3) иши токтотулган же болбосо лицензиясы токтотулган же жокко чыгарылган учурда өзүнүн маалыматтар базасында сакталган маалыматтарды Лицензиарга толук көлөмдө берүүнү камсыз кылууга;
4) байланыш тармактарында атайын тергөө иш-аракеттерин жана контрчалгындоо ишин жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өзүнүн маалыматтар базасынан Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген түзүлүштөрдүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн арналган түзүлүштөрдүн идентификацияланган эл аралык уникалдуу идентификациялык коддору жөнүндө маалыматты, ошондой эле бул органдарга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды берүүгө, аларга атайын тергөө иш-аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүнүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда маалыматтар базаларынын жана автоматташтырылган системалардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга;
5) бажы жана салык органдарына GSMA ассоциациясынын маалыматтарына негизделген өндүрүүчү-заводдун баасы, түзүлүштөрдү чыгарган өлкө, түзүлүштүн аталышы жана модели жөнүндө маалыматтарды берүүгө.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |