Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Атай айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы

2023-жылдын 27-ноябры № 2

Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулу”наамына көрсөтүү жөнүндө

Атай айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Жаныбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Атай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Атай айыл аймагынын Атай айылынын тургуну Алымбеков Сүйүнбек Сабырбекович Тогуз-Торо Райондук Электр Тармактар ишканасында үзүрлүү эмгектенгендиги үчүн Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулу”наамына көрсөтүлсүн.

 

2.Атай айылынын тургуну Нургазиев Максат Шайлооевич айыл өкмөтүндө үзүрлүү эмгектенип,айылдын өнүгүүсүнө салым кошуп келе жаткандыгы үчүн Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулу”наамына көрсөтүлсүн.

 

3.Тиешелүү документтерин даярдап өткөрүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына тапшырылсын.

4.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.

5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевге милдеттендирилсин.

 

Атай айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары :

 

К.М.Манапбаева