АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2023-жылдын 27-ноябры № 4
Атай айылынын тургуну Ажыбеков Сүйүнбайдын арызын кароо жөнүндө
Атай айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Манапбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Атай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айылынын тургуну С.Ажыбековдун арызы канааттандырылып, айыл өкмөтү тарабынан 2022-жылдын 4-мартындагы “Кабак”жайлоосунан 100га жер аянтына бак-дарактардын түрлөрүн тигип өздөштүрүүгө чыккан №4 токтому бекитилсин.
2.Бул токтомдо көрсөтүлгөн жер аянттарына бак-дарактын түрүн тигип өстүрүү С.Ажыбековго тапшырылсын.
3.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевге тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары : |
К.М.Манапбаева |