Редакцияот 21.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 21-декабры № 1729-VII

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 8 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.

2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:

Ш.К.Атазов - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

Э.Р.Джусупов - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;

Б.З.Түлөбаев - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;

Н.Я.Алимжанова - "Альянс" парламенттик фракциясынан;

Э.Т.Токтошев - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

В.К.Раимбачаева - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;

А.Ж.Осмонов - "Мекенчил" депутаттык тобунан;

К.К.Самаков - "Элдик" депутаттык тобунан.

 

 

  Төрагасынын орун басары

 

Н.Сыдыгалиев