Редакцияот 05.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 5-февралы № 59

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18, 27-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Джумабеков тарабынан демилгеленген "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 5-февралындагы № 59 тескемеси менен жактырылган

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Джумабеков тарабынан демилгеленген "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Джумабеков тарабынан демилгеленген "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.

1. "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Мыйзамдын долбоору менен "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясынын 1-пунктун жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда, ага ылайык мамлекеттик менчикте турган мүлктү менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына ылайык жүзөгө ашырылат деп сунушталат.

Белгилей кетсек, учурда мамлекеттин менчигинде бир катар стратегиялык объекттер - мамлекетти башкаруу, экономика жана жашоону камсыз кылуу үчүн маанилүү мамлекеттик ишканалар жана компаниялар, кыймылсыз мүлк объекттери бар.

"Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык стратегиялык объект болуп ээлик кылуу, (же) пайдалануу жана (же) тескөө Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун абалына таасир тийгизген, коомдун туруктуу өнүгүшү үчүн социалдык-экономикалык мааниси бар мүлк саналат.

Жогоруда аталган Мыйзамдын 2-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык стратегиялык объекттердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

Стратегиялык объекттердин Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун абалына тийгизген таасирин эске алуу менен стратегиялык объекттерди Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына киргизүүнү Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши менен макулдашуу боюнча ушундай жол менен ишке ашыруу сунушталууда.

Ошону менен бирге, менчиктештирүүгө жаткан мамлекеттик объекттердин тизмесин түзүү процессин тартипке келтирүү, менчиктештирилүүчү объекттердин статусун аныктоо үчүн зарыл болгон административдик жол-жоболордун ырааттуулугун тактоо максатында Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасын түзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталышы максатка ылайыктуу деп саналат.

Жазылгандарга байланыштуу "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясынын 1-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылабыз:

"1. Мамлекеттин менчигинде турган мүлктү менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына ылайык жүзөгө ашырылат.

Стратегиялык объекттерди Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына киргизүү Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат.

Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасын даярдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".

2. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан иштелип жаткан Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы алдыдагы орто мөөнөттүү мезгилге менчиктештирүүнүн максаттарын, жүргүзүлүп жаткан менчиктештирүү саясатынын негизги багыттарын карайт, мамлекеттик менчиктин түзүмүн оптималдаштыруу, мамлекеттик сектордун профилдик эмес активдерин сатуу, инфраструктураны жакшыртуу жана материалдык-техникалык базаны жаңылоо үчүн мамлекеттик ишканаларга жана компанияларга инвестицияларды тартуу маселелерин камтыйт. Мындан тышкары, Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасында орто мөөнөттүү келечекте сатууга пландалган объекттердин тизмеси камтылат.

Бирок азыркы убакта жеке жана юридикалык жактар тарабынан мүлктүк комплекстерди, чарбалык коомдордун уставдык капиталындагы үлүштөрдү жана акцияларды, кыймылсыз мүлк объекттерин жана транспорт каражаттарын мамлекеттин менчигине ыктыярдуу акысыз өткөрүп берилиши, ошондой эле кылмыш иштеринин чегинде келтирилген зыяндын ордун толтуруунун, тергөө менен кызматташуунун, соттун чечими боюнча конфискациялоонун эсебинде мүлктүн өткөрүп берилиши практикасы түзүлүүдө.

Мындай учурларда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине пландан тышкары келип түшкөн активдерди ыкчам кабыл алуу жана аларды тескөө, анын ичинде мүлктү жалпы рынок шарттарында сатуу зарыл.

Ошондой болсо да Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасын кабыл алуу, ошондой эле бул Программага өзгөртүүлөрдү киргизүү процессин коштогон административдик жана макулдашуу жол-жоболорунун узактыгы активдерди тескөө процессинин оперативдүүлүгүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн, алардын абалы, наркы жана сатуунун башка олуттуу шарттары рыноктун конъюнктурасына, сатууга коюунун оперативдүүлүгүнө, укуктук статусуна жана башка факторлорго көз каранды. Мындан тышкары, пландан тышкары келип түшкөн активдердин олуттуу бөлүгү иштеп жаткан бизнес же коммерциялык объекттерди түзөт, аларды кайра тариздөөгө, мамлекеттик башкарууну киргизүүгө жана башка административдик жол-жоболорго байланыштуу иштебей токтоп калышы рынок наркынын төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн.

Ушуга байланыштуу уюшкан кылмыштуулукту жоюу, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында мамлекетке келтирилген зыяндын ордун жана республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн ыкчам толтуруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө, кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттин менчигине өткөн объекттерди ээликтен ажыратуунун өзүнчө тартибинин мамлекеттик мүлктүн менчик ээси катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталышы максатка ылайыктуу деп саналат.

Ушуга байланыштуу учурдагы Мыйзамдын долбооруна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылабыз:

- 3-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө, кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди сатууга. Ушул абзацта көрсөтүлгөн мамлекеттик мүлктү ээликтен ажыратуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;".

3. Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Кыргыз Республикасынын инвестициялар жөнүндө мыйзамдарына шайкеш келтирүү жана инвестицияларды тартууну стимулдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын инвестициялар жөнүндө мыйзамдарына ылайык инвестор менен түз сүйлөшүүлөр жолу менен инвестициялык макулдашуу түзүлгөн учурда мамлекеттик мүлктү ээликтен ажыратуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуш кылабыз.

"Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-1-статьясынын биринчи бөлүгүнө ылайык эгерде инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун демилгечиси болуп инвестор чыккан учурда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы жана социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик өнүктүрүү программаларына ылайык инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык макулдашууну түзүүгө укуктуу. Эгерде инвестициялык долбоорго инвестор тарабынан жүзөгө ашырылуучу инвестициялардын суммасы 10 миллион АКШ долларынан кем эмести түзгөн жана инвестор жалпы таанылган эл аралык иштиктүү беделге, иш-аракеттин окшош чөйрөсүндө долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруунун уникалдуу билимдерине жана тажрыйбасына ээ болгон шартта инвестициялык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана инвестордун ортосунда тикелей сүйлөшүүлөр жолу менен түзүлүшү мүмкүн.

Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбооруна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылабыз:

- 3-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын инвестициялар жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана инвестордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен түзүлгөн инвестициялык макулдашууну ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик мүлктүн объекттерин ээликтен ажыратууга.".

4. Кыргыз Республикасынын менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 133 жана 142-статьяларына шайкеш келтирүү максатында Мыйзамдын долбоорунда чарбалык коомдун уставдык капиталында мамлекетке таандык акцияларды же катышуу үлүшүн түз сатуу жабык акционердик коомдун акционерине же жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусуна мүмкүн экендигин кароону сунуш кылабыз, алар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык мындай акцияларды же үлүштөрдү сатып алууга артыкчылыктуу укукка ээ.

Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбооруна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылабыз:

- 20-1-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:

"Ушул Мыйзамдын 14-статьясынын экинчи бөлүгүн эске албаганда, түз сатуу усулу менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү төмөнкү учурларда колдонулат:

- жабык акционердик коомдун акционери же жабык акционердик коомдун өзү тарабынан жабык акционердик коомдун уставдык капиталындагы мамлекетке таандык акцияларды артыкчылыктуу сатып алуу укугу боюнча сатып алуу;

- жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусу тарабынан жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталындагы мамлекетке таандык катышуу үлүшүн артыкчылыктуу сатып алуу укугу боюнча сатып алуу.".

5. "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-статьясына ылайык акционердик коомдун акционерлеринин жалпы чогулушунун өзгөчө компетенциясына акционердик коомдун жүгүртүүдөгү акцияларынын санын өзгөртүү (көбөйтүү же азайтуу) жөнүндө, ошондой эле ачык коом тарабынан кошумча чыгарылган акцияларды жабык жайгаштыруу жөнүндө чечимди кабыл алуу маселелери кирет. Ошону менен бирге, мамлекеттик компаниялардын акцияларынын кошумча эмиссиясынын өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган эмес.

Белгилеп кетсек, акциялардын кошумча ачык эмиссиясы, зайымдык каражаттарды тартуу же баалуу карыз кагаздарын чыгаруу эмиссиясы менен бирге финансылык ресурстарды тартуунун натыйжалуу инструменттеринин бири болуп саналат.

Ошентип, бүгүнкү күндө мамлекеттик компаниялардын акцияларынын кошумча эмиссиясы механизмин колдонуу үчүн шарттарды түзүү максатында бул өзгөчөлүктөрдү мыйзамдар менен бекитүүнүн зарылчылыгы бар.

Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбооруна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылабыз:

- төмөнкүдөй мазмундагы 20-3-статья менен толукталсын:

"20-3-статья. Акциялардын мамлекеттик пакети менен акционердик коомдун кошумча чыгарылган акцияларын жайгаштыруу өзгөчөлүктөрү

Уставдык капиталында мамлекетке таандык акциялары бар акционердик коомдун кошумча акцияларын чыгаруу маселелери баалуу кагаздар рыногу жөнүндө жана акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

Акционер катары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган демилгелеген акционердик коомдун акцияларынын кошумча эмиссиясы жөнүндө чечим жана кошумча чыгарылган акцияларды сатып алуунун артыкчылыктуу укугун колдонбоо жөнүндө кийинки чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашылууга тийиш.".

6. Ошол эле учурда "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын башка республикалардын (мамлекеттердин) аймагындагы менчигин мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан ошол республикалардын (мамлекеттердин) мыйзамдары боюнча жүзөгө ашырылат. Ушуга байланыштуу бул ченемди Мыйзамдын долбоорунун концепциясынын алкагында кароону жана Мыйзамдын долбооруна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылабыз:

- 9-статьянын экинчи бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр алып салынсын.

7. Мыйзамдын долбоору менен "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" жана "Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарга бирдиктүү шилтеме ченемдерин көрсөтүү бөлүгүндө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Белгилей кетсек, "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин экинчи абзацына ылайык магистралдык темир жолдорду, магистралдык газ түтүктөрүн, улуттук электр берүү тармагын, гидроэлектр станцияларды (Нарын гидроэлектр станцияларынын каскадын) менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тарабынан бекитилүүчү программаларга ылайык жүзөгө ашырылат.

Жазылгандын негизинде "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин экинчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылабыз:

"Мамлекеттин менчигинде турган стратегиялык объектилерди менчиктештирүү мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.".

8. 2021-жылдын 5-майындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине өзгөртүп түзүлгөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын актыларын Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө", "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө", "Транспорт жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын текстинде түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз.

Жогоруда жазылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети сунушталган Мыйзамдын долбоорунун концепциясын колдоп, ушул корутундуда баяндалган сунуштарды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорун жеткире иштеп чыгууну сунуш кылат.