АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2023-жылдын 27-ноябры № 5
Атай айыл өкмөтүнүн элдик жыйынынын протоколун бекитип берүү жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Атай айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн элдик жыйынынын 25.11.2023-жылдагы №7 протоколу бекитилсин.
2.Атай айыл аймагындагы Атай мамлекеттик үрөн чарбасына керектүү техникаларды алуу боюнча “Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусу” мекемесине долбоорду даярдап сунуштоо жагы Атай мамлекеттик үрөн чарбасынын жетекчиси Э.Нурманбетовго тапшырылсын.
3.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу Атай айылдык кеңешинин “Пландоо бюджет”боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары : |
К.М.Манапбаева |