Редакцияот 05.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 5-июлундагы № 86/XXI-28

 

              

Жер участогунун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө

 

Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси С. Т. Талайбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле жаран А. М. Осмонованын №510 контурундагы, жалпы аянты 6137,34 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө арызын карап чыгып, Кочкорбаев айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жеке турак жай куруу үчүн №510 контурундагы, жалпы аянты 6137,34 чарчы метр жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүүгө уруксат берилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык Кенешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

 Э. Токбергенов