Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-декабры № 736
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маданият чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25 апрелиндеги № 289 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Кыргызреставрация" илимий-изилдөө долбоорлоо институту" мекемесинин кызматкерлеринин чектелген штаттык санын жана эмгек акы төлөө шарттарын аныктоо, маданияттын айрым ведомстволук мекемелеринин ишин өркүндөтүү максатында "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-тиркемеде:
- 12-пунктта "19" деген цифралар "18" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 14-пунктта "27" деген цифралар "21" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 16-пунктта "20" деген цифралар "16" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 18-пунктта "12" деген цифралар "9" деген цифраларга алмаштырылсын;
- "Жыйынтыгы" позициясында "171" деген цифралар "157" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 50-пунктта "39" деген цифралар "36" деген цифраларга алмаштырылсын;
- "Жыйынтыгы" позициясында "46" деген цифралар "43" деген цифраларга алмаштырылсын;
- "Бардыгы" позициясында "268" деген цифралар "251" деген цифраларга алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
- эскертүүнүн 4-пунктунда "31" деген цифралар "38" деген цифраларга алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
- эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы 22, 23-пункттар менен толукталсын:
"22. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Кыргызреставрация" илимий-изилдөө долбоорлоо институту" мекемесинин штаттык саны 10 штаттык бирдиктин чегинде белгиленет.
23. Талас шаарынын мэриясына караштуу эл аспаптар оркестринин штаттык саны 16 штаттык бирдиктин чегинде белгиленет.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 18-пунктча менен толукталсын:
"18) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Кыргызреставрация" илимий-изилдөө долбоорлоо институту" мекемесинин, 18-тиркемеге ылайык.";
2) ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда 18-тиркеме менен толукталсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 289 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2024-жылдын 16-январындагы № 4 (3557) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Кыргызреставрация" илимий-изилдөө долбоорлоо институту" мекемесинин кызматкерлери үчүн КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Квалификациялык талаптар |
1. Административдик-башкаруучу персонал | ||
1 | Директор | Төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими: гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу, маданият жана искусство, бул чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы же маданият жана искусство чөйрөсүндө жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. Окумуштуулук даражасынын болушу артыкчылыктуу |
2 | Директордун илим боюнча орун басары | Төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими: реставрация жана реконструкциялоо, архитектура жана курулуш, адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы. Окумуштуулук даражасынын болушу милдеттүү |
3 | Бухгалтер | "Экономика жана башкаруу, бухгалтердик эсеп" багыты, адистиги боюнча жогорку кесиптик билим, адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы |
2. Негизги персонал | ||
4 | Долбоорлордун башкы архитектору | Төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими: реставрация жана реконструкциялоо, архитектура жана курулуш, техникалык, адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы. Окумуштуулук даражасынын болушу артыкчылыктуу |
5 | Башкы технолог | Төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими: техникалык, архитектура жана курулуш, реставрация жана реконструкциялоо, археология, адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы |
6 | Башкы адис | Төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими: маданият жана искусство, юриспруденция, архитектура жана курулуш, реставрация жана реконструкциялоо, археология, 3 жылдан кем эмес иш стажы |
7 | Жетектөөчү архитектор | Төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими: архитектура жана курулуш, реставрация жана реконструкциялоо, техникалык, 2 жылдан кем эмес иш стажы |
8 | Архитектор-реставратор | Төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими: архитектура жана курулуш, реставрация жана реконструкциялоо, техникалык, иш стажына талап коюлбайт |
9 | Архитектор-техник | "Архитектор-реставратор" багыты, адистиги боюнча жогорку же орто кесиптик билими, иш стажына талап коюлбайт |
10 | Инженер-сметчик | Техникалык багытта, "экономика жана башкаруу", архитектура жана курулуш адистиги боюнча жогорку же орто кесиптик билими, иш стажына талап коюлбайт |
".
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Кыргызреставрация" илимий-изилдөө долбоорлоо институту" мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Директор | 4,00 |
2 | Директордун илим боюнча орун басары | 3,50 |
3 | Бухгалтер | 2,66 |
4 | Долбоорлордун башкы архитектору | 3,38 |
5 | Башкы технолог | 3,38 |
6 | Башкы адис | 3,38 |
7 | Жетектөөчү архитектор | 2,90 |
8 | Архитектор-реставратор | 2,66 |
9 | Архитектор-техник | 2,42 |
10 | Инженер-сметчик | 2,66 |