Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Тиркеме

 

 

(Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин

2023-жылдын 27-ноябрындагы № 5 токтомуна ылайык)

 

Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жалпы элдик жыйынынын

 

№ 7     ПРОТОКОЛУ

 

25.11.2023-жыл

Атай айылы

 

Чогулуш башчылары

А.Жаныбаев

Н.Байгулова

чогулушка 52 адам катышты

 

КУН ТАРТИБИНДЕ КАРАЛУУЧУ МАСЕЛЕ:

 

Атай айыл аймагындагы Атай мамлекеттик үрөнчүлүк чарбасына керектүү техникала алуу боюнча "Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусу" мекемесине долбоор өткөрүү жөнүндө

 

УГУЛДУ:

 

Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнү башчысы А.Жаныбаев элдик жыйынды ачып,А айыл аймагына айыл чарба техникаларын алуу жана ошондой эле Атай үрөнчүлүк чарбасына д тиешелүү техникалардын тартыштыгы туурасында айтып төмөнкүлөргө токтолду: Эгерде а үрөнчүлүк чарбасына трактор жана тиешелүү жабдыктары менен алсак, үрөн өндүрүүдө ж элди сапаттуу үрөн менен камсыздоодо чон өбөлгө түзүлмөк. Техниканын заманы болуп тур шартта, учурдун талабына ылайык заманбал техникаларды колдонуу менен жого түшүндүүлүктү камсыз кылсак болот. Жана ошондой эле коп жылдан бери бузулбай жат жерлерди айдоодо, кубаттуулугу жогору болгон Беларус 952,2 трактору, тоют жыйноо ж айдап себүү убагында пресс-подборщик Тукан, сеялка, соко, рум жана башка ушу сыяк техникалар үрөн чарбага жана айыл элине эң зарыл болууда. Аталган техникалардын жал наркы 5 509 000 ( беш миллион беш жүз тогуз миң) сом. Айыл өкмөттүн тургундары сырт алынып келинген үрөндөргө салыштырмалуу бир кыйла арзан үрөндөр менен камсыз болмок, ж айдап себүү, оруп жыйноо иштерин өз убагында бүтүрүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Ошондук "Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусу" мекемесине жалпы сумманын 30% өлчөмүн алуу ү' 1 652 700 (бир миллион алты жүз элүү эки миң жети жүз) сомдук долбоор даярдап сунуш керектигин айтып, өз оюңуздарды айтып билдирсеңиздер деп сөзүн жыйынтыктады.

 

Сулайманов Дөөлөт- Атай айылынын тургуну

 

Мына буга чейин айыл эли үрөн жагынан кыйналып келген. Шаардан алганда кымбат а алып келген жол акысына төрт, беш сом төлөп алып келчүбүз. Үрөн чарбага жаңы жете келгенден бери бир топ алгылыктуу иштерди кылып жатат. Элдин үрөнгө болгон маселеси аз аз болсо да чечилип калды. Эгер чарба жаңы техникалар менен камсыз болсо, айыл элин үрөн ме толук камсыз кылмак деп ойлойм.

 

Масиракунов Кубанычбек - Карыялар кеңешинин төрагасы.

 

Айыл тургундарыны дээрлик бардыгы мал кармап, жан багабыз. Бизге көбүнчө то камдоо үчүн арпанын үрөндөрү керек болот. Эки үч жылдан бери үрөн чарбадан үрөн ал жатабыз. Мен көрүп жүрөм, чарба менчик техникаларды жалдоо менен иш алып бары жатат. Э өздөрүнүн тиешелүү техникалары болсо жакшы болмок, жумуштарын да өз убагында бүтүр айыл элине дагы техникалык кызматтарды көрсөтмөк.

 

Сулайманов Даткабай - Атай айылыны тургуну. механизатор

 

Мен билгенден союз тарагандан бери үрөн чарбага бир дагы техника алына элек. Үрөн чарба болгондон кийин биринчи кезекте техникасы болуусу керек. Менин ойумча үрөн чарба баарыбыз колдоо көрсөтүшүбүз керек себеби; үрөн чарба бутуна туруп калса комбайн дагы ал ошол эле комбайн элге дагы кызмат кылат, техника болбосо иш болбойт,үрөн чарбага техник алалы.

 

Өмүкеев Урмат - Атай айылынын тургуну

 

Жайкы сезондо чөп жыйноодо үрөн чарбанын эгиндери бышканга чейин элдин жумуштарына иштей берсе элге жеңилдиктер болуп, жеке менчик ээлерине караганда баага болгон төлөм салыштырмалуу арзан болмок.

 

Досматов Жыргалбек - Атай айылынын тургуну

 

Азыр техниканын өнүккөн заманында айылга прессподборщик, жана биздин айылга комбайн алуубуз керек. Жылдан жылга мал жан көбөйүп тоют камдоо кыйынга туруп баратат Техниканын керектиги ушундайда билинет экен.

 

Ж. Жөжөбаев - айыл башчы

 

Убагында үрөн чарбасында барыбыз иштегенбиз билесиңер, жакшы өнүккөн чарба болч Техникалардын барлыгы дыйкан чарбага тарагандан кийин үрөн чарбага көңүл бөлүнбөй калд Эми кайра техникаларын тындап калыбына келтирсек, баарыбыз ошол жака иштеп эмгектенсе болот

 

 

Назарматов Сатыбалды

 

Чөп чапканда, тоют топтоо учурунда айыл тургундарына кыйынчылыктар жаралат. Же менчиктерге кезекке турабыз. Убагында чөп таңгактай албай материалдык чыгымга учуроодо Прессподборщикке муктажбыз.

 

Нурманбетов Эрнис - Атай мамлекеттик үрөн чарбасынын башчысы.

 

Бардыгыныздардын колдоонуздар үчүн ыраазычылык билдирем. Чындыгында Атай үрөн чарбасынын автопаркы союз тарагандан бери бир дагы жаңыланган эмес. Техникаларынын дээрлик бардыгы жараксыз абалда. Айдап себүү, оруп жыйноо иштерин менчик техникалар менен иш алып баргандыктан техника акысын төлөөдө көптөгөн чыгымдарга дуушар болуудабыз. Жазгы жер айдоо убагында кубаттуу тракторлор жетишсиз болгондуктан бир техниканы күтүп, кезекке турганга туура келүүдө. Кезек жеткиче жерлерибиз кургап, вегетациялык мезгил убагынан өтүп кеткендиктен жеткиликтүү, жогорку түшүмдү ала албай калуудабыз. Ошондуктан жогорудагы аталган техникалар бизге эң зарыл болууда.

 

\\\\\Жогорудагы чыгып сүйлөгөн жарандардын сунуш пикирин угул,

талкуулап жалпы жыйыны

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

4. Жарандардын сунуш пикирлери эске алынып, "Тогуз-Торо райондук өнүктү фондусу" мекемесине Атай мамлекеттик үрөн чарбасына керектүү техникалар сатып алуу тууралуу долбоорду даярдоо жагы чарбанын башчысы Э.Нурманбето жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү жагы үрөн чарбанын башч Э.Нурманбетовго тапшырылсын.

6. Токтомду бекитип берүү жагы айылдык кеңештин кезектеги сессиясына сунушталс

 

Чогулуштун башчысы:

А.Жаныбаев

 

Катчысы:

Н.Байгулова