Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 23-январы № 6
Сыдыков Амирге 20 сотых жер тилкени ижарага берүү жөнүндө.
Бакыян айылынын тургуну Сыдыков Амирдин 2023-жылдын 22-ноябрындагы №36 кириш сандуу арызын жана айылдык Кеңештин депутаттарынын «Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология» боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын №26 протоколун карап чыгып, талкуулап Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттарынын XXXIII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылы менен Бакыян айылынын чек арасында жайгашкан №465 контурундагы 20 сотых жер тилкеси Сыдыков Амирге 5 жылдык ижара мөөнөтүнө жашылдандырууга берилсин. Ижара акысы жыл сайын 3000 (үч миң) сом болуп бекитилсин.
2. Сыдыков Амир менен айыл өкмөтүнүн ортосунда келишим түзүү жана ченемдик-укуктук актыларын чыгарып берүү жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин депутаттарынын «Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |