Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 27-декабры № 1781-VII
"Жарандарды каттоолук эсепке алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда четке кагуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты И.А.Пирматов тарабынан демилгеленген "Жарандарды каттоолук эсепке алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда четке кагылсын.
Төрагасынын орун басары |
| Дж.Исаева |