Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 1-февралы № 1855-VII
Кыргыз Республикасында 2024-жылдын жазгы талаа жана чарба жумуштарын жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы тууралуу
Кыргыз Республикасында 2024-жылдын жазгы талаа жана чарба жумуштарын жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б.Э.Торобаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында 2024-жылдын жазгы талаа жана чарба жумуштарын жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б.Э.Торобаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- 2024-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесин кабыл алсын жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылсын;
- 2024-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүгө байланышкан маселелерди ыкчам чечүү үчүн жер-жерлерде штабдарды түзсүн;
- республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу материалдар, зарыл болгон жабдуулар жана айыл чарба техникасынын тетиктери, органикалык минералдык жер семирткичтер, дарыланган сапаттуу үрөндөр, жеңилдетилген кредиттер менен зарыл болгон көлөмдө облустарда жана райондордо камсыз кылуу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин;
- облустарда жана райондордо жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн айыл чарба техникаларын оңдоп-түзөө жана даярдоо боюнча иш-чаралар планын бекитсин;
- декадалык жөнгө салуучу авариялык бассейндерди жана суткалык жөнгө салуучу бассейндерди ишке киргизүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин;
- чарбалар аралык жана чарбалар ичиндеги ирригациялык тармактарды вегетациялык мезгилге даярдоо боюнча планды иштеп чыксын жана бекитсин;
- "Айыл чарбасын каржылоо-12" долбоорун ишке ашырууну тездетсин жана кредиттик портфелдин көлөмүн көбөйтүү жана пайыздык ставкаларын төмөндөтүү маселесин карасын;
- агротехникалык талаптарды сактоо менен жазгы талаа жумуштарын ийгиликтүү жүргүзүү максатында тиешелүү банктар айылдык товар өндүрүүчүлөргө 2024-жылдын февраль-апрель айларында жеңилдетилген кредит берүүнү камсыз кылсын;
- 2024-жылга жазгы талаа жана чарба жумуштарын жүргүзүүгө даярдык көрүү боюнча түзүлгөн планга ылайык республиканын бардык облустарында республиканын тийиштүү жетекчилеринин катышуусунда жазгы талаа жумуштарына даярдыктын жүрүшү жөнүндө селектордук кеңешмелерди дайыма өткөрүп турсун;
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдында органикалык продукцияны өндүрүү жана тамчылатып сугарууну жайылтуу багытындагы жеңилдетилген пайыздык ставка боюнча кредиттерди берүү үчүн айыл чарбасын өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө маселени карасын;
- агрегатор, субконтракторлор менен келишим түзбөстөн жана кластердин жетекчилеринин катышуусуз айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн кредитти 500 000 сомдон жогору көбөйтсүн;
- жүргүзүлгөн иштин жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2024-жылдын 1-июнуна чейин маалымат берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Н.А. Азыгалиев |