Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин (XXX чакырылышынын) кезексиз XI сессиясы
2023-жылдын 26-декабры № 1
Чаек айыл аймагында мүлк салыгын киргизүү боюнча
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык мүлк салыгы боюнча сунушту карап чыгып, сессияда талкуулап Чаек айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык Чаек айыл аймагында мүлк салыгы киргизилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жана Чаек айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Ч.Курманбек кызына тапшырылсын.
3.Ушул токтом айыл өкмөттөн каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтулсүн.
4.Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: | А.Муталиев |