КЫРГЫЗ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 28-сессиясы
2024-жылдын 17-январы № 28/2
Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылындагы Ташыбек Тургунов атындагы орто мектебинин эшик терезелерин алмаштыруу жөнүндө
Кыргыз-Кыштак айыл аймагына караштуу Кыргыз-Кыштак айылындагы Ташыбек Тургунов атындагы орто мектебинин айнек- терезе,эшиктерин алмаштыруу боюнча мамлекеттик түрткү берүүчү грантка даярдалган проектилерди сунушталып жаткандыгы жөнүндөгү демилгелүү топтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз-Кыштак айылдык кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Кыргыз-Кыштак айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Кыштак айыл аймагына караштуу, Кыргыз-Кыштак айылындагы Ташыбек Тургунов атындагы орто мектебинин айнек-терезе, эшиктерин алмаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин үлүштүк (түрткү берүүчү) грант менен каржыланып жаткан проектилерге,Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катарында 975 000 сом акча каражаты 2024-жылдын бюджетинде бөлүнүп берилсин.
2. 2024-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 3111 статьясына толук эсептөөлөрү менен бекитилсин.
3.Ушул токтомду мыйзам чегинде аркаруу жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А.Таировго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз-Кыштак айылдык кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
Машрапов К.П. |