ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин (XXX чакырылышынын) кезексиз XI сессиясы
2023-жылдын 26-декабры № 2
Келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Расмий статистика жөнүндө”, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” №145 токтомунун негизинде. депутаттардын Чаек айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесинин 2-жана 3-пункттарын жетекчиликке алып, талкуулап, токтом кылат:
1.Жумгал районунун Чаек айыл аймагында статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Жумгал райондук статистика бөлүмү менен Жумгал районунун Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда 2024-жылдын 1-январында түзүлгөн эки тараптуу келишими жана жетектөөчү адис штат бирдиги бекитилсин.
2.Келишимде көрсөтүлгөн статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адистин милдеттерин аткарууга кеткен чыгымдардын жергиликтүү бюджетке которулуусуна жана ушул токтомдун аткарылышын көзомөлдөө жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Муталиев |