КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-октябрындагы № 104/XXVII-28
Кредиттик чегерүүлөрдү которуу зарылчылыгы жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы С.Н.Черненконун негизги бюджетинин “Аппарат” бөлүмүнүн 2111-беренесинен кредиттик ассигнованиелерди бөлүштүрүүнүн зарылдыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 70111 “Аппарат” бөлүмүнөн:
- Учурда оңдоо иштери 2221-беренесинен 2215-беренесине – 32,0 (отуз эки миң) сом – газета жана журналдарга жазылуу;
- Машиналар жана жабдуулар 3112-беренесинен 2215-беренесине – 68,0 (алтымыш сегиз миң) сом – газета жана журналдарга жазылуу.
- 70629 “ЖКХ” бөлүмүнөн:
- Имараттар жана крулуштар 3111-беренесинен 2215-беренесине – 324,7 (үч жүз жыйырма төрт миң жети жүз) сом – Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинатынын Муниципалдык ишканасына;
- Имараттар жана крулуштар 3111-беренесинен “Мектеп” бөлүмүнүн 3111-беренесине – 498,3 (төрт жүз токсон сегиз миң үч жүз) сом – Кеңеш айылынын эски мектебинин капиталдык оңдоо иштерине (кошумча жумуш долбоордун 10%);
- Имараттар жана крулуштар 3111-беренесинен 71092 “Социалдык камсыздоо” бөлүмүнүн 2721-беренесине – 70,0 (жетимиш миң) сом – калкка материалдык жардам көрсөтүүгө;
- 70911 “ЖКХ” бөлүмүнүн Имараттар жана курулуштар 3111-беренесинен “Аппарат” бөлүмүнүн 2215-беренесине – 43,5 (кырк үч миң беш жүз) сом – Кеңеш айылындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин социалдык педагог жана дене тарбия жана спорт мугалими Э.И.Токбергеновдун И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетиндеги окуу акысын төлөө үчүн.
- 70911 “ДОО” бөлүмүнөн:
- тамак-аш сатып алуу 2218-беренесинен 3112-беренесине – 50,0 (элүү миң) сом – килемдерди сатып алууга;
- тамак-аш сатып алуу 2218-беренесинен 3112-беренесине – 296,0 (эки жүз токсон алты миң) сом – эмеректерди сатып алууга;
- тамак-аш сатып алуу 2218-беренесинен 2222-беренесине – 105,0 (жүз беш миң) сом – 27 даана конвекторлорду сатып алууга;
- тамак-аш сатып алуу 2218-беренесинен 2222-беренесине – 6,0 (алты миң) сом – чаң соргуч сатып алууга;
- тамак-аш сатып алуу 2218-беренесинен 2222-беренесине – 55,0 (элүү беш миң) сом – 40 даана жууркан сатып алууга.
- 70821 “Клуб” бөлүмүнүн учурдагы оңдоо иштери 2221-беренесинен 2215-беренесине – башка чыгымдарга – 60,0 (алтымыш миң) сом.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык Кенешинин бюджет жана каржылоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
| Э. Токбергенов |