Редакцияот 26.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин (XXX чакырылышынын) кезексиз XI сессиясы

2023-жылдын 26-декабры № 4

“Вита Жумгал” ЖКЧ сынын башкы директору Карыбек уулу Нурландын 2023-жылдын 20-сентябрындагы №02-01-33/1476 сандуу Чаек айыл өкмөтүнө жазган кайрылуусу боюнча Чаек айылындагы Э.Матыев көчөсүнүн №54 Чаек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик имаратына гемодиализ борборун ачуу үчүн узак мөөнөткө ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө

“Вита Жумгал” ЖКЧ сынын башкы директору Карыбек уулу Нурландын 2023-жылдын 20-сентябрындагы №02-01-33/1476 сандуу Чаек айыл өкмөтүнө жазган кайрылуусу боюнча Чаек айылындагы Э.Матыев көчөсүнүн №54 Чаек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик имаратына гемодиализ борборун ачуу үчүн узак мөөнөткө ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1. “Вита Жумгал” ЖКЧ сынын башкы директору Карыбек уулу Нурландын 2023-жылдын 20-сентябрындагы №02-01-33/1476 сандуу Чаек айыл өкмөтүнө жазган кайрылуусу боюнча Чаек айылындагы Э.Матыев көчөсүнүн №54 Чаек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик имаратына гемодиализ борборун ачуу үчүн (6 ай убакыттын ичинде) узак мөөнөткө 25 жылга ижарага берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.

 

Төрага:

А.Муталиев