Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-декабры № 1741-VII
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жашыл экология маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Маматалиев, Б.У.Сыдыков, Т.Т.Мамытов, Ш.Мажитова, Б.З.Түлөбаев, Л.Х.Лурова, М.Ж.Сыдыков, Э.К.Кокулов, Б.Э.Тентишев, А.Исатбек кызы, М.А.Абдалиев, Ш.К.Атазов, Дж.К.Исаева, Ф.Д.Исмаилов, А.А.Козуев, Т.А.Масабиров, А.Т.Маткеримов, Н.А.Нарматова, К.А.Талиева, Р.Ш.Жакышов, Э.Р.Джусупов, Ф.А.Алимжанов, Э.Э.Жамгырчиев, Д.А.Ашимова, А.Алтынбеков, Д.Э.Толонов Х.Л.Ханджеза, Ч.И.Ажибаев, Ж.П.Нурбаев, М.К.Сарбагышев, Н.А.Ражабалиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жашыл экология маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 5 жумуш күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага |
| Н.Шакиев |