ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 9-марты №76/XX-28
Чыгымдардын сметасын көбөйтүү жөнүндө
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т.Буйляшевдин Люксембург айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин сыйлоо үчүн эркин калдыктын эсебинен чыгымдардын сметасын социалдык фонддун чегерүүлөрү менен бирге бир айлык маянанын өлчөмүндө 425,4 миң сом суммасында көбөйтүү жөнүндө маалыматын карап чыгып, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Люксембург айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин сыйлоо үчүн эркин калдыктын эсебинен чыгымдардын сметасын социалдык фонддун чегерүүлөрү менен бирге бир айлык маянанын өлчөмүндө 425,4 миң сом суммасында көбөйтүлсүн.
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Р.С. Абалбековага жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Шайлдабеков |
|
|