А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XXVII сессиясы
2024-жылдын 12-январы № 27/2
Майдан айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 19-декабрындагы №01-35/469 сандуу катын кароо жөнүндө
Майдан элин сугат суу менен камсыз кылуу максатында “Ак-Гоорум-Майдан” каналын куруу үчүн Кадамжай райондук Уч-Коргон токой чарбасынын пайдалануусундагы А.Масалиев өкмөтүнүн админстративдик аймагынан узундугу 1200м аралыкта куруп өтүүсү боюнча угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ К Ы Л А Т:
- Майдан элин сугат суу менен камсыз кылуу максатында “Ак-Гоорум-Майдан” каналын куруу үчүн Кадамжай райондук Уч-Коргон токой чарбасынын пайдалануусундагы А.Масалиев өкмөтүнүн админстративдик аймагынан узундугу 1,2 км аралыкта куруп өтүүсүнө макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Галботоев |