Редакцияот 24.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезектүү ХVII сессиясынын

 

2023-жылдын 24-июну № 13

 Панфилов айылына (Партсъезд XV )  жаңы  ФАП имаратын курууга уруксаат берүү жөнүндө

АКИА аткаруу комитетинин төрайымы Дж.Ниязбекованын кайрылуу катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Курама айылдык кеңеши

                                                    Токтом кылат:

1.     КК  АИД-3 долбоорунун шарты боюнча  III, IV аярлуу категориядагы

аялдардын фокустук тобунан чыккан көйгөйдүн приоритеттүүлүгүнүн

негизинде Панфилов айылына  (Партсъезд XV)  жаңы ФАП имаратын курууга уруксаат берилсин.

 

2.     Жогорудагы  долбоорду  кошо  каржылоого  Курама  айыл өкмөтүнөн

867 753 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

3.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Төрага:

Р.Р.Мамбеталиев