Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезектүү ХVII сессиясынын
2023-жылдын 24-июну № 24
Панфилов айылынында жайгашкан суу скважиналарын Панфилов Райондук суу- чарба башкармалыгын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Н. Узакбаевдин маалыматын угуп жана талкуулагандан кийин Панфилов айылынын Партсъезд XV кичи районунун контурунда жайгашкан №989 жана №856 скважиналарын Райондук суу- чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү зарылчылыгынын негизинде, Курам айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Курама айыл өкмөтү Панфилов райондук суу- чарба башкармалыгынын балансына Панфилов айылынын Партсъезд XV кичи районунун контурунда жайгашкан №989 S=0,04 жана №856 (244) S=0,04 га скважиналарын Райондук суу- чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берсин.Укук белгилөөчү документтерди тариздөө жана «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Панфилов филиалында каттоо жүргүзүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айыл өкмөтүнүн башчысы Н.М.Узакбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | Р.Р.Мамбеталиев |